Унаа оодарылып кеткен. Бишкекте 19 жаштагы айдоочу каза тапты
RU

Унаа оодарылып кеткен. Бишкекте 19 жаштагы айдоочу каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 19 жаштагы жигит рулга ээ боло албай кырсыкка кабылды. Тилекке каршы, айдоочу ооруканада каза болгонун Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Башкармалыктын маалыматына караганда, кырсык 12-октябрга караган түнү саат 03:00 чамасында катталган. "БМВ м5" унаасынын айдоочусу 2005-жылы туулган И.Э. Масалиев көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинде рулга ээ боло албай тосмону сүзгөн. Унаа оодарылып кеткен. Айдоочу ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилип, эсине келбей каза болгон. Ал эми 2005-жылы туулган жүргүнчүсү ооруканага жаткырылды.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Бишкек ШИИББден унаадагы башка жүргүнчүлөрдүн абалы такталып жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17658