Кыргызстандагы Ozon"дун жүгүртүүсү 2024-жылы 10,5 эседен ашык өстү
RU

Кыргызстандагы Ozon"дун жүгүртүүсү 2024-жылы 10,5 эседен ашык өстү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ozon Holdings PLC төртүнчү чейрек жана толук 2024-жылдын аудит жасала элек финансылык жыйынтыктарын жарыялайт. Кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда жүгүртүү (GMV) 2024-жылы 64 пайызга – 2,64 трлн сомго чейин өстү. Жылдын жыйынтыгы боюнча EBITDA Ozon"дун түзөтүлгөн көрсөткүчү оң болуп, көрсөткүч рекорддук 36,892 млрд сомго жетти. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компания түзөтүлгөн көрсөткүчтөр менен да жүгүртүүдө 30-40% өсүштү күтүп жатат. EBITDA 64,4–73,6 млрд сомдун деңгээлинде кармалууда.

2024-жылдын төртүнчү чейрегинде e-commerce сегмети алган пайда 60 пайызга – 174,98 млрд сомго чейин, ал эми 2024-жылы 36 пайызга – 504,4 млрд сомго чейин көбөйгөн.

Кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда жүгүртүү (GMV) 2024-жылы 64 пайызга өсүп, 2,64 трлн сомдон ашты. Өсүш ишкерлердин жыйынтыгы менен камсыз болду: 2024-жылы алардын Ozon"догу жүгүртүүсү 69 пайызга өстү, ал эми маркетплейстин жүгүртүүдөгү үлүшү 85,4 пайызга жетти. Ошол эле учурда 2024-жылы Кыргызстандагы Ozon"дун жүгүртүүсү жылдан жылга 10,5 эседен ашык өсүп жатканын көрсөтүүдө.

Маркетплейстин жигердүү сатуучуларынын саны 600 миңге чейин көбөйдү, алардын 80 пайыздан ашыгы Орусиянын аймагында жашайт. Кыргызстандык сатуучулардын саны 2 эсе өстү.

Платформаны жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялардын натыйжасында 2024-жылы жигердүү сатып алуучулардын саны 56,5 миллионго (+10,4 миллион) жетти. Кыргызстандан сатып алуучулардын саны жылдан жылга 5 эсе көбөйүүдө. Ошол эле учурда алардын платформага болгон ишеними артууда: жылдын жыйынтыгы боюнча ар бир кардар орточо эсеп менен жылына 26 жолу Ozon"дон буйрутма жасайт. 2024-жылы компания 1,471 миллиард буйрутманы жеткирип берди – бул буга чейинки жылга салыштырмалуу 52 пайызга көп дегенди билдирет. Кыргызстандагы колдонуучулардын ишеними андан да көбүрөөк: 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы Ozon"дун сатып алуучулары бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 10,5 эсе көп буйрутма беришкен.

2024-жылы Ozon логистикалык аянтын өткөн жылдарга салыштырмалуу 1,5 эседен ашык көбөйттү – компаниянын башкаруусундагы кампа инфраструктурасынын жалпы аянты 3,5 миллион чарчы метрден ашты. Ozon Кыргызстанда логистикалык инфраструктураны 2023-жылдын башынан бери өнүктүрүүдө. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын логистикалык кубаттуулугу мыкты: Бишкекте сорттоо борбору жана Дордой базарынын аймагында буйрутмаларды кабыл алуу пункту бар. Мындан тышкары, компания буйрутмаларды кабыл алуу пункттарынын тармагын жигердүү өнүктүрүп жатат.

2024-жылдын аягына карата буйрутмаларды берүүчү пункттардын саны 60 миңге жетти, алардын ичинен дээрлик 25 миңи калкынын саны 50 миңге чейин чейин жеткен шаарларда жашайт.

2024-жылы маркетплейстин эң тез өсүп жаткан товардык категориясы кийим-кече болуп калды – ал боюнча жүгүртүү 2024-жылы 86 пайызга өстү. Жылдын жыйынтыгы боюнча маркетплейсте кийим-кечени, бут кийимди, аксессуарларды сатып алуучулардын саны өткөн жылы 35,7 миллион адамга жетти.

Отчеттуулуктун рубль менен берилген көрсөткүчтөрү 2024-жылдын орточо курсу боюнча сомго которулду.

Ozon – өнүккөн логистикалык тармагы бар мультикатегориялык маркетплейс. Компания Казакстанда, Арменияда, Беларуста, Орусияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Грузияда, ошондой эле Кытайда жана Түркияда бизнес жүргүзөт. Ozon аянтчасы китептерден жана кийимдерден баштап, ден соолук үчүн керектүү азыктардан жана товарларга чейин 20дан көп категорияда 370 миллиондон ашык товарды сунуштай алат. 56,5 миллион жигердүү сатып алуучу Ozon"дун өнүккөн логистикалык инфраструктурасынын жардамы менен буйрутмаларын алып жатышат. Аянтча ошондой эле 600 миң ишкерге өз товарларын Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө сатууга мүмкүнчүлүк берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17810