Майыптарга акысыз өнөр үйрөткөн 83 жашар апаны алдап кетишкен. Ал акчасын ала албай жатат
Бишкекте 83 жаштагы Базарбү апа бычмачылыкты, тигүүнү окутуп, андан түшкөн акчаны мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, карылар үйүнө берип келет. Бул каарман менен биздин Kaktus.kg редакциясы таанышып кайтты.
"Билгенимди үйрөтпөй кеткеним - күнөө"
Базарбү Садабаева быйыл 83кө чыкты. Ал жаш кезинен бери бычмачылык, тигүүчүлүк менен алектенет. 22 жаш кезинде үч баласы менен жалгыз калган апа тигүүчү, бычмачынын атайын окуусуна барган. Ал жактан конкурска катышып, Ригада окууга мүмкүнчүлүк алган. Ал жерден окуп келген апа өмүрүнүн дээрлик бардыгын өнөргө арнап жатат.
"Окудум, Токтогул районуна келип, иштейин десем район көл болуп жаткан экен. Ошого байланыштуу Бишкекке келип, "Тюльпан" деген ательеде иштедим. Андан соң "Илбристе" иштеп, пенсияга чыктым. Пенсияга чыккандан кийин Советтер Союзу тарап, ишканалар жабылып баштаганда өзүм кийим бычып, Алма-Атага кетире баштадым. Ал жакка лекала жасап берип жүрүп, кийин өзүм тиге баштадым. Цех ачайын деп үстөксүз насыя алып, башкаларды бычканга да, кийим тиккенге да үйрөтө баштадым. Билгенимди башкаларга үйрөтүп кетпесем - күнөө болот го деп ойлойм", - дейт апа.
Базарбү апа азыр да туура кийим бычканды, тиккенди үйрөтүп келет. 2012-жылдан баштап ал 3 жолу операция болгон. Ошондон кийин апа китеп жазууну чечип, башкаларга билген өнөрүн калтырууну туура көргөн.
"Менден окуп кеткендерди жазып коем. 12 жылдын ичинде 1332 кишини окутуптурмун. Мага мектептегидей 20-30дан эмес, көп болсо алты же төрт киши чогулат. Бирок өзүм майып болуп калгандан кийин мүмкүнчүлүгү чектелгендердин абалын түшүнүп, анан аларга акысыз үйрөтүп, колумдан келген жардамымды бергим келди. 2010-жылы компьютер менен сабак өтүп баштагам", - дейт тикмечи.
"Карылар үйүнө, кайрымдуулук фонддорго жардам берем"
Базарбү Садабаева жалгыз бой аялдарга, майыптыгы бар адамдарга бычмачылык, тикмечиликти акысыз үйрөтөт. Ал эми башкалардан талаптагыдай акча алып, аны карылар үйүнө, атайын кайрымдуулук фонддорго берип турат.
"Үмүт булагы" деген фонд бар. Мен акчаны алардын атайын эсебине салып коем. Өз колум менен бербейм. Андан тышкары Бишкектеги, Токмоктогу карылар үйүнө, майыптыгы барлага колумдун келишинче жардам берем", - дейт апа.
Базарбү апа 3 жолу операция болгондон кийин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жакшы түшүнө баштадым дейт. Ал баса албаган адамдарды көрүп, аларды бастырууга жардам берген атайын шайман сатып алгысы келек. Азырынча бул жөн эле кыял. Себеби, апа чогултуп жаткан акчасынын бир бөлүгүн алдатып жиберген.
Апанын акчасын алып, алдап кетишкен
Базарбү апа майыптыгы барларды окутууга шарт түзүү үчүн "дөңгөлөк үстүндөгү үй" алууну туура көргөн. Себеби, азыр апа экинчи кабатта жашайт. Балдак менен жүргөндөр же коляска менен жүргөндөр лифт жок окууга келе алышпайт. Мындан улам, ал акчасынын жарымын берип, паспорт, документтеринин сүрөткө тартып, атайын тапшырык берген. Бирок акчасынын жарымын алган адам буйрутма үйдү жасап бербей, акчасын да кайтарып бербей жүрөт деп, арыз-муңун билдирди.
"Коляскасы менен келгендерге ыңгайлуу болсун деп "дөңгөлөк үстүндөгү үй" жасатайын деп 565 миң сомго бирөө менен макулдашкам. Ал акчанын жарымын алган болчу. Төрт күндө даярдап беребиз деген кишилер азыркы күнгө чейин бербей жатышат. Буйрутманы мен жайдын башында эле бергем. Ушул күнгө чейин акчамды алып качып жүрөт", - деп кейиди апа.
Тигүүчү апа бул маселе боюнча милицияга кайрылганын айтты. Апанын айтымында, милиция кылмыштын курамы жок деп, ишти жаап берип койгон. Андан соң апа прокуратурага кайрылган. Прокуратура милицияга кайра кароону тапшырган.
"Жыйынтык чыкпаган соң кайра үч айдан кийин прокуратурага кайрылдым. Алар жибердик деди. Мен канчадан бери эле кайрылып жатам. Сотко бериш керек дейт. Сотко бергенде дагы үч ай күтүшүм керек. Айтор, менин үмүтүм үзүлдү.
Мына, жаңы предизент келгени жолдор оңолуп, ишканалар ирээтке келгендей бирок, сот менен ички иштер тармагы иштеп жатканын көрбөй жатам. Биз өңдөгөн карапайым адамдарга карабаса, кандай кылам?", - деди ал.
Базарбү апа, акыры айла жок жеке менчик юристтерге кайрылган. Алар ишти кароо үчүн 20 миң сом алышып, апаны алдап кеткен кишини таап берүүгө убада берген. Бирок андан да жыйынтык жок, апа барып берген акчасынын 15 миң сомун алып алган.
"Үйгө келип, 20 миң сом алып, кармап аны сөзгө келтиребиз деп кеткен. 10 күндө деген. Бир ай күттүм. Жок. Анан жадаганда берген 20 миң сомумдун 15 миңин кайтарып алдым. Бир чалганы үчүн 5 миңи тура турсун дедим. Эми юристтер иштебесе, прокурорлор иштебесе, тергөөчүлөр иштебесе, мен кайсыл жакка барып, кайсы жактын тамын сүзөм?!", - деп созүн жыйынтыктады кары адам.