Президент 3 депутат айымга мамлекеттик сыйлык ыйгарды
3313
Жогорку Кеңештин 3 депутат айымы мамлекеттик сыйлык менен сыйланышты.
Парламент жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн президенттин жарлыгы менен депутаттары да сыйлык алганын эске салды.
slide 2 of 3
Тагыраагы, депутат Чолпон Султанбековага "Даңк" ордени ыйгарылса, депутат Камила Талиева менен Надира Нарматовага "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наамдары берилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/9765