Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаназасы окулду
3312
Өлкөнүн туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаназасы бүгүн, 23-ноябрда саат 14:00дө Бишкек шаарындагы "7 апрель шейиттери" мечитинде болду. Бул туурасында Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашат.
- Муфтий Кимсанбай Абдурахманов 1940-жылы төрөлгөн.
- Орто мектепти аяктагандан кийин Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесинде окуган.
- 1990-жылы сентябрда Бишкек шаарында Кыргызстандагы туңгуч ислам медресесин ачкан. Бул медресени 1993-жылы Ислам Инситутуна айланткан. Анын демилгеси менен Кыргызстандын облустарында да Ислам медреселери ачылып, иштей баштаган.
- 1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон биринчи жолу 450 киши Кыргызстандан Сауд Араб Эмираттарына ажылыкка барышкан.
- Муфтий Эмираттардагы белгилүү шейхтердин бири менен сүйлөшүп, Бишкек шаарында жаңы стилдеги борбордук мечитти куруп берүүгө жардам сурап, ал курган борбордук мечит 1995-жылдын октябрь айында бүткөрүлгөн.
- 1996-жылы Кимсанбай ажы Кыргызстан мусулмандарынын Диний Башкармасын жана "Азрети Умар" институтун (учурдагы Гоголь-57 дарегиндеги имарат) көчүргөн.
- Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракеттери менен 1990-жылдан кийин Кыргызстандагы мечиттин саны үч миңден ашты.
- 1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынанбошотулган. Ал эми 2000-жылдан 2002-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан Мусулмандарынын муфтийи болгон.
- Ал Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп бир топ жыл үзүрлүү эмгектенип келди.
- Ал 2022-жылдын 22-ноябрында дүйнө салды.
Kaktus.kg редакциясы Кимсанбай ажы Абдурахмановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/9373