Баасы 4 миллион сомду чапчыган контрабандалык жүк алынды
RU

Баасы 4 миллион сомду чапчыган контрабандалык жүк алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандан Кыргызстандын аймагына баасы 4 000 000 сомдон ашык дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жүктөр Чоң-Капка өткөрмө постунда аныкталды.

Маалым болгондой, 14-ноябрда Чоң-Капка көзөмөл-өткөрүү пунктунда А.Б.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz жүк ташуучу унаа кармалган. Айдоочу көрсөткөн документтерде жүктөр үй буюмдары катары белгиленген. Бирок унааны дыкат текшерүүдө тиешелүү уруксат кагаздары жана коштоочу документтери жок болгон, болжол менен баасы 4 000 000 сомдон ашык дары-дармектер жана башка товарлар табылган.

Азыркы учурда бул факты боюнча салык төлөөдөн качуу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/9282