КМШ өлкөлөрү качкын коррупционерлерди бири-бирине өткөрүп беришет
2539
Казакстандын Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн башчылары коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту. Ага ылайык, кеңешке мүчө өлкөлөр качкын коррупционерлерди бири-бирине өткөрүп беришет деп жазылат Казакстандын Коррупцияга каршы кызматынын расмий сайтында.
Маалыматта Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кеңешке мүчө-өлкөлөрдүн компетенттүү органдары жана КМШнын Аткаруу комитети менен бирдикте коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыкканы айтылат. Келишимге 14-октябрда Астана шаарында кол коюлган.
Кол коюлган келишим төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- коррупциялык кылмыш иштери боюнча жардам көрсөтүүгө;
- коррупциялык кылмыштар боюнча макулдашылган ыкчам-иликтөө, ыкчам-профилактикалык иш-чараларды жана атайын операцияларды жүргүзүүгө;
- коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарды издөө, кармоо жана экстрадициялоо, коррупциядан алынган кирешелерди кайтаруу жаатында кызматташууга;
- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында маалыматтык системаларды түзүүгө жана пайдаланууга;
- коррупцияга каршы аракеттенүүдө кызматташуунун стратегияларын, программаларын жана пландарын иштеп чыгууга;
- коррупцияга каршы мониторингдин жыйынтыктары менен алмашууга;
- кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатууга.
Маршруткалардын иш таштоосу
(193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/9053