Жалал-Абаддын заводундагы жарылуудан жети киши жабыркады
6502
Жалал-Абаддагы метал иштетүүчү заводдо меш жарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жарыдруу кечээ, 29-майда болгон.
Саламаттык министрлиги берген маалыматка ылайык, натыйжасында жети киши жабыркап, бардыгы госпитализацияланган. Үчөөнүн абалы оор, экөөсүнүн денеси 80-90 пайызга күйгөн. Калган төртөөнүн абалы канаттандыраарлык. Алар дарыгердин консультациясын алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/6873