Батыш автовокзалында киши көп. Эл кете албай убара
2634
Бишкектин Батыш автовокзалында кезек күткөндөр көп.
Жарандар кете албаганына нааразы, себеби жол кире кескин кымбаттап кеткен.
"Таксисттер Таласка чейин киши башына 1 200дөн 1 500 сомго чейин талап кылышууда", - деп кезек күткөндөр айтып беришти.
Каракол шаарына да бара турган машинелер жок. Ал эми киши салып кеткендер бир машинеге 6 000 сом талап кылышууда. Айрымдары 4 500 сомго жеткирүүгө даяр. Ошондо бир орундун баасы 1200 сом болуп калат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/6531