Соц.тармакта бул жумада популярдуу болгон жаңылыктар
3032
Социалдык тармакта бул жума ичи популярдуу болгон жаңылыктар.
- Бул жумада эң популярдуу жаңылыктардын сап башында президент Садыр Жапаровдун Ош базарына баргандыгы болду. Анда президентти дароо чогулган эл курчап алып, ага суроо берүүгө аракет кылышкан. Жапаров соодагерлер менен кассалык аппараттарды орнотуу боюнча сүйлөшкөн.
- Ал эми экинчи болуп, ошол эле күнү президент Ош базарда жүргөндө аны видеого тартып жүргөн журналистти милиция сүйрөп кеткени көп элдин көңүлүн бурган. Кийин коопсуздук кызматкерлери кийлигишип, аны коё беришкен.
- Эң көп окулган маалыматтын арасында Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу машине жуучу кызматкерди эсин жогото сабап салганы бар. Ага кызматкердин жууганы жакпай калып, экөөнүн ортосунда келишпестик болуп кеткен.
- Академик Сабырбек Жумабековдун президент менен жолугушуусу да көп окулган. Дарыгер Kaktus.media редакциясына президент аны жакшы кабыл алып, бардык аргументтерди, далилдерди укканын айткан. Бирок, президент башкаларды да уккусу келип жатканын билдирген.
- Садыр Жапаров 1-апрелден тартып бюджеттик тармактагылардын, анын ичинде мугалим, милиционерлер жана энергетиктердин айлыктары көтөрүлө тургандыгын жар салганы да көп элди кызыктырган. Бирок, канчага көтөрүлөт, кандай эсептөө көрсөткүчтөр кайра каралат, азырынча белгисиз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/5565