Үй-бүлө көйгөйлөрү балага трагедия болуп калбашы керек. Зомбулук тууралуу видео
2586
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча социалдык ролик тартты.
Видеодо дүйнө жүзү боюнча көп сандагы балдар күн сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун күбөсү болуп жатканы тууралуу билдирүү болгон.
Буга байланыштуу милиция кызматкерлери тобокелчиликтердин, мүмкүн болуучу трагедиялардын алдын алып, жашы жете элек жабырлануучулардын коопсуздугун камсыз кылууда.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар жана коркунучта тургандар 102 телефону боюнча милицияга чалып же жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырабыз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/4657