Жогорку Кеңештин 18 депутаты УКМКнын СИЗОсуна барып Өмүрбек Бабановго жолугушат
2301
"Республика - Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин 18 депутаты эртең, 4-июнда камакка алынган саясатчы Өмүрбек Бабановго УКМКнын СИЗОсуна барууну пландаштырууда. Бабанов ал жерде 31-июлга чейин болот.
УКМКга жиберчү билдирүүгө "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов кол койду.
Баруучулардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:
- Жыргалбек Турускулов.
- Умбеталы Кадыралиев.
- Рада Туманбаева.
- Мирлан Жээнчороев.
- Нурбек Тотонов.
- Аккулу Бердиев.
- Марлен Маматалиев.
- Өскөнбай Жээнбаев.
- Кенжебек Бокоев.
- Калдарбек Баймуратов.
- Пархат Тулендыбаев.
- Таабылды Тиллаев.
- Акыл Кемелов.
- Закир Шарапов.
- Махабат Мавлянова.
- Арзыбек Карыбеков.
- Абдыбек Дюшалиев.
- Тариэл Жоробеков.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов 31-майда "Кумтөр" иши боюнча УКМКдагы сурактан кийин кармалган. Сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/1890