Жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады: эл өкүлүнө сурооңуз калган болсо эмне кылуу керек?
17-ноябрда Кыргызстандын 33 шаарында жана 231 айыл аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу, укуктары жана милдеттери, шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүнүн формалары жана тартиби "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамда белгиленген.
Бирок, эл өкүлдөрүнө көйгөйлөрүң менен кантип кайрылсаң болот? Бул нерсеге, кененирээк токтололу. Суроолорго жооп берүүгө Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков, шайлоо мыйзамдары боюнча адис Атыр Абдрахматова, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Руслан Шаршенбай уулу жардам беришти.
Депутаттар өзү кимдер жана алар эмне жумуш кылышат?
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттары мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү административдик-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан шайланат.
Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары так белгиленген:
- жергиликтүү бюджеттерди бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
- жергиликтүү жамааттын калкын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык жактан коргоо программаларын бекитет;
- мыйзамда көрсөтүлгөндөй, керектүү учурларда жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.
Ошондой эле, депутаттар жергиликтүү кеңештин бекитилген регламентин да колдонушат.
Депутаттар сессияларда кандай маселелерди карайт?
Жергиликтүү кеңештердин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - алардын сессиялары. Сессиялардын тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык өткөрүлөт:
башкача айтканда, жобонун алкагында ар бир жаран аларга катышууга укуктуу (мисалы, БШКнын сессиялары мэриянын залында көрсөтүлөт). Мындан тышкары, кеңеш өзүнүн жыйналыштары кайсы күнү болору жана күн тартиби жөнүндө жарандарга алдын ала билдирүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик сырга байланыштуу маселе талкууланган сессия гана жабык түрдө өтүшү мүмкүн.
Жергиликтүү кеңештин сессиясында ар кандай маселелер чечилет:
Айылдык аймактын, шаардын жергиликтүү кеңешинин сессиясында төмөнкү маселелер чечилет:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программанын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда алар боюнча коюмдарды белгилөө;
- муниципалдык менчикти пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө отчетун угуу;
- тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды ээлеген кызматынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
- кеңештин регламентин кабыл алуу;
- кабыл алган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө;
- муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну, ошондой эле катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу, ошондой эле башка коммуналдык кызматтардын тарифтерин мыйзамдарга ылайык бекитүү;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерин бекитүү;
- алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини сатуу убактысына жана жерине чектөөлөрдү белгилөө, тыюу салууга чейин;
- ритуалдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
- ирригациялык тармактарды, үйлөрдү жана ага жакын аймактарды кармоонун тартибин белгилөө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишеним көрсөтпөө;
- бюджеттин, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылбагандыгына байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна ылайык келүүсү жөнүндө маселени кароо боюнча сунуштарды киргизүү;
- мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
Менин округумдагы депутаттар жөнүндө маалыматты кайдан тапсам болот?
Жалпысынан Борбордук шайлоо комиссиясы бардык депутаттардын акыркы тизмелерин өзүнүн сайтында жарыялайт.
Кээ бир кеңештердин өздөрүнүн сайттары болот, анда кеңештин депутаттарынын тизмелери, алардын кайсы фракцияларга таандык экени жана байланыштары көрсөтүлгөн. Мисалы, Бишкек шаардык кеңешинин жана Ош шаардык кеңешинин, Кара-Балта кеңешинин сайттары бар.
Бирок сиздин аймакка же кварталга ким жооптуу экендиги тууралуу маалымат табуу кыйыныраак болот. Муну үйбашынан, кварталдык комитеттен же Муниципалдык аймактык башкармалыгын сурап көргөнүңүз жакшы. Кошумчалай кетсек, толук маалыматты мэрияга же райондук акимчиликке кайрылуу аркылуу билсе да болот.
Депутат эмне кылууга милдеттүү?
Жергиликтүү кеңештин депутаты сессияда гана иштебестен, өзүнүн шайлоочулары менен ар дайыма байланышта болууга милдеттүү.
Ал жергиликтүү маанидеги маселелерди кандай чечип, социалдык-экономикалык өнүгүү пландары кандай аткарып жана шайлоочулардын сунуштарын кантип аткарып жаткандыгы жөнүндө айтып турууга тийиш.
Ошондой эле депутаттар өз шайлоочуларынын коомдук, оюн-зоок иш-чараларына катышууга милдеттүү.
Депутатка кандай суроолор менен кайрылса болот?
Шайлоочулар депутаттарга кайрыла турган суроолордун тизмеси кенен. Ал суроолор депутаттардын сессияларда караган маселелердин тизмеги менен түздөн-түз байланыштуу.
Көбүнчө шайлоочулар депутатка төмөнкү маселелер боюнча кайрылышат:
- аймакты көрктөндүрүү;
- коомдук транспорт менен болгон көйгөйлөр;
- шаардын же айылдык аймактын аймагын өнүктүрүү;
- турак-жай-коммуналдык чарба көйгөйлөрү;
- маданий иш-чараларды өткөрүү;
- жергиликтүү долбоорлорду алдыга жылдыруу;
- мыйзамсыз курулуштар боюнча;
- жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген башка маселелер.
Депутатка кантип кайрылса болот?
Шайлоочунун депутат менен байланышуусу үчүн бир нече жолу бар:
- оозеки жана жазуу жүзүндө (кагазга түшүрүлгөн, почта аркылуу жөнөтүлгөн кайрылуу кат);
- электрондук почта аркылуу;
- Tunduk порталы аркылуу;
- коомдук тармактар аркылуу;
- жеке кабыл алуу;
- телефон аркылуу.
Каттарды кайсы депутат экенин белгилөө менен жергиликтүү кеңештин дарегине жөнөтсө да болот. Жалпы бөлүм катты эл өкүлүнө тапшырууга милдеттүү. Кайрылуулар көйгөйдү, анын чечүүдө депутаттын жардамын талап кылган маселени көрсөтүү менен эркин формада жазылат.
Ошондой эле аларга аймакты, короону, көчөнү жана башкаларды жакшыртуу боюнча өз сунуштарыңызды жөнөтсөңүз болот.
Бир адамдын жалгыз кайрылуусуна караганда, ар кандай аргументтер (сүрөттөр, видеолор) тиркелген, көп адамдардын колдору коюлган кайрылуу дайыма натыйжалуураак болот.
Кайтарым байланыш үчүн маалыматыңызды калтырууну унутпаңыз (телефон номер, дарек, электрондук почта). Топтук кайрылууда бир нече адамдын байланыш маалыматын калтырып койгон жакшы.
Депутаттар жеке кабыл алабы?
Ооба, мыйзам боюнча депутаттар жарандарды жеке кабыл алышы керек.
Кеңеш депутаттарга шайлоочулар менен жеке кабыл алууларды жана отчетторду өткөрүү үчүн шарттарды түзүп берет. Бул акимчиликтеги кеңсе (Бишкекте ушундай кылышат) же мэриянын кабыл алуу бөлмөсү болушу мүмкүн.
Шайлоочуларды кабыл алуунун графиги мэрияда же жергиликтүү кеңештин аппаратында такталууга тийиш.
Алдын ала анализ көрсөткөндөй, шайлоочуларды депутаттар менен байланыштыра турган ишеним телефондору же бирдиктүү Call-борбор жок.
Депутаттын ишин кантип көзөмөлдөө керек?
Жергиликтүү кеңештин депутаты мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн жана өзү шайланган жергиликтүү кеңештин иши жөнүндө шайлоочуларга жана жарандардын жамааттарына жана бирикмелерине, ошондой эле аны жергиликтүү кеңешке депутат кылып көрсөткөн саясий партиянын депутаттарынын алдында отчет берүүгө милдеттүү.
Депутаттын отчету жарандардын жамаатынын же бирикмесинин, аны депутаттыкка талапкер кылып көрсөткөн саясий партиянын талабы боюнча, ошондой эле шайлоочулардын чогулушунун талабы боюнча каалаган убакта жүргүзүлүшү мүмкүн.
Депутаттын отчету тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулуштарында, ошондой эле аны депутаттыкка талапкер кылып көрсөткөн эмгек жамааттарынын, жарандардын бирикмелеринин жана саясий партиянын чогулуштарында (конференцияларында) жүргүзүлөт. Отурумдун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин ар бир депутатынын ишмердүүлүгүнө баа берилип, ал тиешелүү кеңешке жиберилет. Депутат отчет жөнүндө жергиликтүү кеңешке же анын органдарына белгиленген тартипте билдирет.
Депутаттар кантип отчет беришет?
Депутаттар электрондук жана жазуу жүзүндөгү отчетторду түзүп, алар менен жергиликтүү активисттерди тааныштырышы керек. Кээ бир кеңештер аларды сайттарына жарыялашат.
Ошондой эле аларды массалык маалымат каражаттарына жарыялоо үчүн бериши керек.
Кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтында сакталат. Мындан тышкары, алар кеңештин сайтында жарыяланат (Кеп Бишкек жана Ош шаарларынын кеңеши жөнүндө болууда).
Чечимди депутатка өтүнмө менен кайрылуу аркылуу алса болот.
Депутат жооп бербесе эмне кылуу керек?
"Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жооп өтүнүч алынгандан кийин эки жумадан ашпаган мөөнөттө берилүүгө тийиш. Бул кагаз же электрондук түрдө болушу мүмкүн.
Кээде бул мөөнөт созулуп кетиши мүмкүн жана кеңеш эмне үчүн мындай болгонун түшүндүрүп берүүгө тийиш.
Өтүнмөгө белгиленген мөөнөттө жооп бербөө же жооп берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирбөө ага жооп берүүдөн баш тартуу болуп эсептелет.
Депутаттан жооп ала албаган учурда кайда карылуу керек?
Тилекке каршы, эч жакка. Мыйзамда аракетсиздик үчүн депутатка жоопкерчилик каралган эмес.
Бирок азыр жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоочулар менен туура мамиледе болууга, алардын жоопкерчилигин жогорулатууга үйрөтүү боюнча долбоор даярдалып жатат.
Ал эми жергиликтүү кеңешке жөн эле кайрылган болсоңуз, анда жооп болбосо, административдик сотко кайрылсаңыз болот. Анда жаран менен мамлекеттин мамилеси иликтенет.