Жаңы жылда жаңы бизнес: Ozon"дун буйрутмаларды берүү пункттарын тез арада иштетүү жолу
Жылдын аягы жакындап калды, демек, жыйынтык чыгарып, келечекке план түзүүгө убакыт келди. Көптөгөн ишкерлер үчүн бул жаңы долбоорлорду баштап, көптөн бери таптап келаткан идеяларын ишке ашырчу мезгил болуп саналат. Ozon"дун буйрутмаларды берүү пункттарын ачуу мындай демилгелердин бири боло алат. Ozon – КМШ мейкиндигиндеги эң ири маркетплейстердин бири. Бизнес ийгиликтүү болуп, жаңы жылдан тарта жаңы жашоону баштоо үчүн эмнеге көңүл буруу керектигин айтып берели.
Ozon жигердүү өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө анын аудиториясы 53,5 миллион жигердүү колдонуучуну түзөт жана бул сандар ай сайын өсүүдө. Ошол эле учурда, 10 кардардын ичинен 9у буйрутмаларын пункттардан алып кеткенди артык көрүшөт. Онлайн-соодага болгон суроо-талаптын өсүшү менен, мындай пункттарды ачуу – бизнеске минималдуу тобокелдиктер менен кирип, мыкты ийгиликтерге жетүүнүн мыкты жолу.
Эмне үчүн Ozon пункттары – бизнесте туруктуу кирешеге тез чыгуунун мыкты жолу?
Минималдуу акча саласыз. Жаңы пунктту ишке киргизүү үчүн олуттуу инвестиция талап кылынбайт, ал эми процесстин өзү эки жумага созулат. Негизги чыгымдар турак жайды ижарага алууга, чакан ремонт иштерине жана кызматкерлерди жалдоого байланыштуу болот.
Кардарларды маркетплейс өзү алып келет. Көптөгөн ишкерлер үчүн кардарларды табуу – бизнести түзүүнүн баштапкы баскычтарында кыйла татаал маселе. Ozon бул маселени өзү чечет. Аянтча өзү сатып алуучуларга алардын жанында жаңы буйрутмаларды берүүчү пункт ачылганын кабарлайт, ошондой эле пунктту бардык карталарга кошуп чыгат. Маркетплейс сатып алуучулардын арасында белгилүү болгондуктан, буйрутмаларды берүү пункту иштей баштаган күндөн баштап эле суроо-талапка ээ болот. Мында эң негизгиси – локацияны туура тандап алыш керек.
Иштей баштаганда алгачкы жарым жылда финансылык колдоо көрсөтүлөт. Ozon өзүнүн өнөктөштөрүнө иштин алгачкы жарым жылында 540 000 сомго чейин кепилденген колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары, компания маалыматтык жана техникалык жардам берет, анын ичинде кызматкерлерди окутуу, бизнести жүргүзүү боюнча консультациялар, акысыз маркетинг материалдары жана ыңгайлуу IT-платформасы сунушталат. Бул платформа көптөгөн бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Пайда болгон бардык маселелерди аймактык менеджер менен ыкчам чече аласыз, ал өнөктөштөр менен дайыма байланышта болот. Мунун баары пунктка тез арада өзүн-өзү актоого жана келечекте бизнестин масштабын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Ozon"дун буйрутмаларды берүү пунктун кантип ачса болот?
Пунктту ачуу процесси бир нече этаптан турат:
- Жеке ишкер же юридикалык жак статусуна ээ болгон ар бир адам Ozon"дун өнөктөшү боло алат. Ошондуктан, зарыл болгон уюштуруучулук-укуктук статусуңуз жок болсо, биринчи кезекте аны алыш керек.
- Пункт орун алчу жерди тандап алыңыз – мында сизге Ozon"дун тиркемеси же интерактивдүү картасы жардамга келет. Бул картада мыкты зоналар белгиленип, компания берчү финансылык колдоонун суммасы жана кирешелер боюнча божомол көрсөтүлгөн. Бөлмө кеминде 25 чарчы метр болушу керек жана биринчи кабатта орун алууга тийиш. Баары макулдашылгандан кийин эле документтерди тариздей берүүгө болот: офертаны тастыктап, ижара келишимине кол коёсуз.
- Андан соң бөлмөдө жеңил ремонт жасап, ошондой эле техниканы жана эмеректерди тандап аласыз. Бөлмөнү жасалгалоого коюлган талаптар брендбукта сүрөттөлгөн, бардык маркетингдик материалдарды, анын ичинде көрнөктү Ozon акысыз берет. Ошол эле маалда кызматкерлерди да издей башташ керек, аларды окутууга да маркетплейс жардамчы болот.
- Бардык даярдык иштери аяктагандан кийин товарларды берип, акча таба баштайсыз. Ozon кардарларга жаңы пункт ачылганы жөнүндө өзү маалымдайт, ал эми анын ээсине IT-платформага кирүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал аркылуу франчайзи буйрутмаларды кабыл алып, иштетет, ошондой эле бардык керектүү отчетторду түзөт. Эгерде суроолоруңуз калса, маалыматты атайын маалымдамада таба аласыз же түз эле аймактык менеджерге кайрылсаңыз болот.
Ийгиликтүү бизнес менен жаңы жашоону кантип баштоого болот?
Убакытты пландаштырып, уюштуруңуз. Башаламандыкты жана стрессти болтурбай, бардык тапшырмаларды өз убагында аткаруу үчүн ар бир күн, жума жана ай үчүн иш-аракеттердин так планын түзүп алыңыз.
Финансылык агымдарды башкарыңыз. Кирешелер менен чыгымдардын эсебин жүргүзүп, бизнестин рентабелдүүлүгүн көзөмөлдөп турганды унутпаңыз. Ozon менен буйрутмаларды берип гана акча таппайсыз, мындан тышкары сатуучулардан товарларды кабыл алып, башка логистикалык компаниялар менен кызматташып, ошондой эле пунктта кошумча бизнес ачып да киреше таба аласыз.
Кардарлар жана өнөктөштөр менен байланыш түзүңүз. Сатып алуучулар, кызматкерлер жана өнөктөштөр менен ачык жана чынчыл байланышты сактаңыз. Мунун натыйжасында сизди тандаган кардарлардын базасын түзүп, туруктуу бизнести түптөй аласыз.
Процесстерди оптималдаштырыңыз. Учурдагы процесстерди талдап чыгып, аларды оптималдаштыруунун жолдорун издеңиз. Муну буйрутмаларды берүү пункттарынын ээлери үчүн Ozon"дун тиркемесинин жардамы менен жасаса болот.
Ден соолугуңузга кам көрүп, тең салмактуулукту сактаңыз. Физикалык жана психикалык саламаттыгыңызга кам көрүңүз. Көнүгүүлөрдү туруктуу негизде жасап, туура тамактанып, жакшы эс алсаңыз күч-кубат топтоп, ишиңиз да илгерилейт.
Ozon"дун буйрутмаларды беруү пунктун ишке киргизүү – бул жаңы жылда жаңы жашоо баштоого жана максаттарыңызды орундатууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Эң негизгиси, процессти уюштурууга туура мамиле жасап, кыйынчылыктардан коркпоңуз. Ozon"дун өнөктөшү болуу оңой эле, бул жол өтүнмөнү жиберүүдөн башталат. Компаниянын сайтынан толук маалыматты алып, биринчи кадамды жасай аласыз.