Ишкерлер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге көйгөйлөрүн чечип берүүнү өтүнүшүүдө
RU

Ишкерлер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге көйгөйлөрүн чечип берүүнү өтүнүшүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишкерлер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Алар эски ЦУМдун имаратындагы соода жайларын ижарага берүү тартибин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүштү.

ЦУМ-Холдинг ачык акционердик коому көп жылдар бою соода аянттарын "Сити Центр" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берип келген. Өз кезегинде "Сити Центр" бул аянттарды ишкерлерге субижарага өткөрүп берип турган.

Ишкерлер акыркы жолу субижара келишимдерин 2024-жылдын ноябрь айында түзүшкөн. Бирок көп өтпөй, алардын келишимдери жокко чыгарылганын жана эми жаңы ижара келишимдерин "Глобал Девелопмент Групп Кей Джи" компаниясы менен түзүшү керек экени тууралуу кабарлашкан.

2024-жылдын 11-ноябрында катталган "Глобал Девелопмент" компаниясы ишкерлерден мурдагы соода орундарында калуу үчүн $8-10 миңден ар бир чарчы метр үчүн акы төлөп, андан сырткары, ай сайын ар бир чарчы метр үчүн $150 ижара акы төлөөнү талап кылууда.

Ишкерлердин айтымында, $8-10 миң өлчөмүндөгү сумма субижарага уруксат алуу үчүн "ыктыярдуу төлөм" катары көрсөтүлгөн.

"Фактически "Глобал" – үч жумалык тарыхы бар компания – бизден иш ордуларыбызда калуу укугун алуу үчүн чоң суммадагы акча талап кылып жатат! Кысым жана жасалма ажиотаж жаратуу менен алар айрым ишкерлерди талап кылынган сумманы шашылыш түрдө төлөөгө мажбурлашты.

Эгерде келишим 2 жыл 11 айга түзүлөөрүн эске алып, кепилдик төлөмдү жана ижара акысын ошол мөөнөткө бөлсөк, анда ар бир чарчы метр үчүн орточо $380-435 чыгат. Ишкерлерге өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүн болбой калат. Биздин саткан товарлар нөлүнчү жана биринчи кабаттарда андай жогорку пайда алып келбейт, ижара акысын актоо мүмкүн эмес", – деп кайрылышты ишкерлер.

Мындай өлчөмдөгү ижара акылар бизнести жок кылуу болуп эсептелет. Адамдар ондогон жылдар бою бизнесин куруп, кардарларды тарткан жана алар менен ишенимдүү мамиле түзгөн. Эми элдер бир заматта монополист келип, бир кабатты толугу менен ижарага алып, өзүнүн шарттарын таңуулаганы үчүн бизнестеринен ажыроодо.

Ишкерлер "Сити Центр" ЖЧКсына бир нече жолу кайрылышкан. Келишимдердин жүрүшүндө "Сити Центр" ЖЧКсы жаңы шарттарды сунуштаган. Ал шарттар боюнча айрым ишкерлер "Глобал Девелопмент" менен келишим түзбөй, "Сити Центр" ЖЧКсынын ижарачылары бойдон 9 ай калуусу мүмкүн. Бирок ижара акысы $100-120дан $180-200га чейин жогорулайт. Бул сунуш бардык ишкерлерге сунушталган эмес. Айрымдарга алар менен келишим түзүлбөй турганы, андыктан "Глобал Девелопмент" менен келишим түзүүгө милдеттүү болушары айтылган.

"Мурда эле ижара акысы шаардагы эң жогорку акылардан болгон: бир чарчы метри 100-120$, анан да бул жер төлөдөгү жайлар үчүн. Бул баа өтө эле жогору. Айрымдар муну актаган, айрымдар актабаган, адамдар акчаларын чогултуп араң төлөп турушкан. Баарыбыз ишкерлербиз, инфляция бар экенин жана анын алкагында жыл сайын ижара акысы 5-10% жогорулашы мүмкүн экенин түшүнөбүз. Эгерде ижара акысы ушундай деңгээлде гана жогорулаганда, эч кимде суроо жаралмак эмес, биз кайра келишим түзмөкпүз. Бизге ММКларга жана УКМКга кайрылуунун зарылчылыгы болбойт эле. Бул кадимки эле процесс болмок. Бирок бизге бул жерде жөнөкөй адамдардан миллиондогон сомдорду алуу схемасы бардай сезилет", – деп билдиришти ишкерлер.

Ишкер Руслан Сулайманов өзү жана кесиптештери мыйзам чегинде иштеп жатканын айтты: салыктарды жана Социалдык фондго төгүмдөрдү төлөөдө эч кандай мыйзам бузуу жок. Анын айтымында, 31-январда ижара келишиминин мөөнөтү аяктайт, бирок ЦУМдун администрациясынан келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү тууралуу эч кандай билдирүү алган эмес.

Ошондой эле, ижара берүүчүлөр тарабынан басым көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.

"Эгерде бейджиксиз соода кылсаң (мурда андай талап такыр болгон эмес), 200 миң сом айып салынат, жарыкты графикке ылайык күйгүзбөсөң – айып, таштандыларды убагында чыгарбасаң – айып. Ар кандай майда-чүйдө нерселер боюнча 200 миң сом айып салышат, басым көрсөтүлүүдө. Ижарага укукту сатып алууну талап кылышат, ошол эле учурда бул убакытта келишим бир тараптуу жокко чыгарылбайт деп кепилдик беришпейт. Бизде андай каражат жок, биз жөнөкөй адамдарбыз. Бизге мамлекеттик органдардын колдоосу керек, анткени ЦУМда Кыргызстандын мыйзамдарынан айырмаланган өз мыйзамдары бар. Бейджик жоктугу үчүн айып салына турган өлкө жок болуш керек деп ойлойм", – деп билдирди Сулайманов.

Ишкер Асылбек Кубанычбек уулу ЦУМда он жылдан ашык иштеп келгенин айтты. Анын сөзүнө караганда, буга чейин ижара берүүчүлөр тарабынан эч кандай нааразычылык болгон эмес. Бирок 1-декабрдан тарта ал өзүнүн жумуш ордун бошотууга мажбур болгон.

"Мага эми ижараны "Глобал Девелопмент" компаниясы башкарарын айтышты. Бул компаниянын өкүлдөрү Нурлан жана Эржан менден мурун канча төлөп келгенимди сурашты. Мен $120 деп жооп бердим. Алар эми айына $150 төлөйсүң жана 6,3 чарчы метрдин ар бирин үчүн $10 миңден кошумча төлөшүң керек деди. Мен $10 миңди эки сааттын ичинде, калган $53 миңди үч күндүн ичинде төлөшүм керек эле", – деди Кубанычбек уулу.

"Глобал Девелопмент" компаниясы бул процессти легализация деп атап жатат.

"Менде андай акча жок деп айтсам, менин ордумду жаңы шарттар боюнча ижарага алууга каалоочулар бар экенин билдиришти. 1-декабрда менин жайымды мөөр басып жаап коюшту, ал эми мени көчөгө чыгарышты. Мен иш ордумдан ажырап, соода кыла албай калдым. Товарлардын айрымдарын кредитке алган болчумун. Иштебей туруп, аны кантип төлөйм? Үй-бүлөмдү багышым керек. Азыр иш табуу өтө кыйын, ал эми иштеп жатканда бирөө ушундай мыйзамсыз басым көрсөтсө, эч нерсе кыла албайт экенсиң.

УКМКнын башчысы Камчыбек Кыдыршаевич ушундай мыйзамсыз иштерге каршы күрөшүп келет. Кыргызстанда анын аркасы менен чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ал эми "Глобал Девелопмент" компаниясынын аракеттери каракчылардын аракеттеринен да жаман. Ошондуктан биз президент Садыр Нургожоевич Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге кайрылып, биздин маселебизди чечүүгө жардам берүүлөрүн суранабыз", – деп билдирди Кубанычбек уулу.

"Глобал Девелопмент Групп Кей Джи" компаниясынын комментарийи

"Глобал Девелопмент Групп Кей Джи" компаниясы билдиргендей, буга чейин ЦУМ соода борборунун соода аянттарын ижарага берүү укугу "Сити Центр" компаниясына тиешелүү болчу. Азыр бул укук "Глобал Девелопмент Групп Кей Джи" компаниясына өткөрүлүп берилген.

Компаниянын маалыматы боюнча, мурдагы ижарачылар келишимдин шарттарын бузуп, ижара укуктарын мыйзамсыз түрдө кайра сатуу же субижарага берүү иштерин жүргүзүшкөн. Айрым учурларда ижара укуктарынын баасы $12 миңге чейин жетип, ал эми субижара акысы $700 долларды түзгөн.

"ЦУМдагы арендаторлор төлөп келген ижара акылары 10 жылга жакын өзгөргөн эмес жана $100-$140 чегинде болгон. Бирок глобалдык инфляциянын жана соода борбордун чыгымдарынын көбөйүшүнө байланыштуу ижара шарттарын тартипке келтирүү чечими кабыл алынган. Бул маселе боюнча мамлекетке салык төлөмдөрү да жүргүзүлбөй калган учурлар катталган", - деп билдирди компания.

"Мындай ижарачылар тарабынан ЦУМга төлөнгөн ижара акысы чарчы метр үчүн болгону $100–140 болгон, ал эми бул сумма дээрлик 10 жыл бою кескин өзгөрүлбөй келген. Бирок дүйнөлүк экономикалык инфляция жана ЦУМду кармап турууга зарыл болгон чыгымдардын өсүшү менен ижарачылар менен болгон ишти уюштуруу чечими кабыл алынды. Ошондуктан, мындай сатуу жана субижаралык төлөмдөр салыктык төлөмдөрсүз жүргүзүлдү деп эсептейбиз", - деп айтылган компаниянын билдирүүсүндө.

Компаниянын маалыматтарына ылайык, көзөмөлгө алынбаган субижара жана ижара укугун сатуу акырындап соңку субижарачыларга зыян келтирди, анткени алар абийирсиз ижарачылардын каалоосунан корголбогон абалда калышкан.

"Анткени акыркы субижарачылар субижара келишимдерин түзө алышкан эмес, абийирсиз ижарачылар ижаранын наркын каалагандай көтөрө алышкан же соода аянттарын бошотууну талап кыла алышкан. Мындан тышкары, бул кайра сатуу жана көтөрүлгөн ижара төлөмдөрү салык төлөмдөрсүз болгон, бул мамлекеттик бюджетке чоң чыгым алып келди", - деп билдиришти "Глобал Девелопмент" компаниясы.

ЦУМ соода борбору "Глобал Девелопмент Групп" аркылуу, ижара мөөнөтү бүтүп калган ишкерлерге жаңы шарттар менен кызматташтык сунуштайт.

"Эми ар бир ишкер ортомчуларсыз түздөн-түз ижара берүүчү менен келишим түзө алат. Бул жаңы ижара саясаты ишкерлердин укуктарын коргоого жана ижара мамилелерин уюштурууга багытталган. Бардык төлөмдөр болгону накталай эмес формада жүргүзүлөт, бул болсо бардык келишимдерди жана транзакцияларды толугу менен ачык кылып, зарыл болгон бардык салыктарды төлөөнү камсыз кылат. Бирок, жаңы саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө биз айрым адамдардын каршылыгына туш болдук, себеби өздөрүнүн соода аянттарын факт жүзүндө сатып жиберген же субижарага берген абийирсиз ижарачылар, ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин соода аянттарды бошотууга каршы чыгышууда", - деп такташты компаниядан.

"Глобал Девелопмент" компаниясы, ишкерлердин баш тартуусу мыйзамсыз кирешесинен ажырап калуу коркунучу, соода аянтын мыйзамсыз кайра сатуу менен байланышкан мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылуу жана салык төлөөдөн качуу, ошондой эле соода аянтын сатып алгандардын кысымы менен байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

"Ошондой эле, айрым адамдар жаңы ижара саясатынын өзгөчөлүктөрүн түшүнбөй же атайын коомчулукту адаштыруу максатында, ЦУМдагы ижара акысы азыр чарчы метр үчүн $8 миң деп жалган маалымат таратууда. Бирок бул чындыкка туура келбейт. Биз айтып өткөндөй, бул чындыкка дал келбейт. Жаңы ижара саясаты Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарга негизделген жана абийирдүү катышуучулардын укуктарын коргоого жана мамилелерди уюштурууга багытталган", - деп белгилешти компаниядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17794