Ошто окуучулар үчүн автобустар каттамга чыкты. Жол кире акысыз
RU

Ошто окуучулар үчүн автобустар каттамга чыкты. Жол кире акысыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустардын алгачкы каттамы ишке кирди. Бул туурасында бүгүн, 4-октябрда Ош шаардык мэриясы маалымдады.

Белгиленгендей, демилге шаар мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды.

Автобустар күнүнө үч жолу, эртең менен, түштө жана кечкисин акысыз каттайт.

Ар бир багыт боюнча экиден автобус жүрөт. Каттамдар:

  • №1 мектептик автобустук каттамы: Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев көчөлөрү аркылуу түз И.Раззаков – У.Салиева (облустук оорукананын жолу менен) – С. Касымбеков көчөсүнө чыгып кайра У.Салиева көчөсү аркылуу келген кыймыл чиймеси боюнча артка кайтат.
  • №2 мектептик автобустук каттамы: Тээке айылы (Ош-Араван автоунаа жолу) - Кеңеш айылы борбору – Көкүмбий (Барсбек айлампа) – Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайы) – В.Ленин көчөлөрүнөн жүрүп Төлөйкөн айылындагы Г.Айтиев мектебинен кайтат. (Ипподром)
  • №3 мектептик автобустук каттамы: ДЭУ-21 - А.Мамыров көчөсү (Волчья яма) – Ак-Тилек кичи району - Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга чейин).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17575