Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс макамын калыбына келтирүүдөн баш тартты
RU

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс макамын калыбына келтирүүдөн баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү жана экс-президент макамын калыбына келтирүү боюнча билдирүүсүн карашты.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова бул арыз Жогорку Кеңешке 3-сентябрда келип түшкөнүн эске салды.

Ал белгилегендей, комитет Аскар Акаевдин билдирүүсүн эске алып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген, ошондой эле Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндөгү арызын канааттандыруудан баш тартууну Жогорку Кеңешке сунуштаган.

Жогорку Кеңеш бул чечимди колдоп, Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты. Тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17466