УКМК бала сатууга шектелген адамдардын тобун аныктады
RU

УКМК бала сатууга шектелген адамдардын тобун аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан жашы жете элек балдарды мыйзамсыз асыроого жана андан ары сатуу максатында балдарды Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга адистешкен трансулуттук кылмыштуу топту аныктады. Мамкомитеттин маалыматына караганда, уюшкан топ кыргыз жана чет өлкөнүн жарандарынан турган.

"Адам сатуу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бул уюм 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай айла-амалдардын, паракорчулуктун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жолу аркылуу социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө, кыргыз жарандарынын балдарына толук камкордук көрүү укугун алганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө-ыкчам иш-аракеттердин жана тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча 20-сентябрда кылмышка тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан кылмыштуу уюмдун башка мүчөлөрүн жана анын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыр тарткан, ошондой эле аларга кылмыш ишинде көмөк көрсөткөн адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17461