2025-жылы ажылыкка барууну пландагандар үчүн медициналык шарттар жана көрсөтмөлөр
RU

2025-жылы ажылыкка барууну пландагандар үчүн медициналык шарттар жана көрсөтмөлөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сауд Араб Падышалыгы 2025-жылы ажылык сапарга барууну пландагандар үчүн медициналык шарттарды жана көрсөтмөлөрдү берди. Бул туурасында Муфтияттын маалымдаштты.

Сауд Араб Падышалыгынын Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөнкүдөй оорулар ажылардын минималдуу физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карама-каршы келерин тизмектеген:

  • гемодиализ алып жаткан бейтаптар;
  • минималдуу кыймыл-аракетке тоскоол кылуучу жүрөк ооруулары;
  • кычкылтек маскасын мезгил-мезгили менен же туруктуу колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорулары;
  • боордун прогрессивдүү цирроз оорусу менен ооруган бейтаптар;
  • аң-сезимге тоскоол болгон оор нерв жана психикалык оорулар, ошондой эле өз алдынча кыймыл-аракет жасоого (отурууга, турууга, басууга) тоскол болгон таяныч-кыймыл аппаратынын оор оорулары;
  • кем акылдуулук менен коштолгон карылык курагы;
  • жугуштуу инфекциялык оорулар (кургак учугу ж.б.у.с. оорулар);
  • химиотерапия алып жаткан залалдуу шишик дарты менен күрөшкөн бейтаптар.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17458