Акылбек Жапаров жыл аягына чейин бардык үйлөрдү камсыздардырууну тапшырды
RU

Акылбек Жапаров жыл аягына чейин бардык үйлөрдү камсыздардырууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров 2024-жылдын 9 айында республиканын ар кайсы аймактарында болгон селдердин кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, жыйында учурдагы көйгөйлөр, келечекте ушундай кырсыктарды болтурбоо боюнча узак мөөнөттүү стратегиялар да талкууланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрына карата 331 сел катталып, анын кесепетинен 5354 үй жабыркаган. Анын ичинен 102си бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж.

Буга байланыштуу Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга 2024-жылдын аягына чейин бардык үйлөрдү, анын ичинде кооптуу зонада жайгашкан үйлөрдү камсыздандырууну тапшырды.

Ошондой эле сел көйгөйүн чечүүгө комплекстүү мамиле жасоо - дарыялардын жээктерин бекемдөө, суу сактагычтарды тазалоо жана дренаждык системаларды түзүү сыяктуу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле сел коркунучу жаралган учурда коопсуздук чаралары боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу зарыл экенин айтты.

Министрлер кабинетинин башчысы жыл сайын глобалдык жылуулукка байланыштуу жаратылыш кырсыктарынын саны өсө турганын белгиледи. Ушуга байланыштуу кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу зарыл чара болот дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17449