"Унаа" ишканасынын бир нече адистери кармалды
RU

"Унаа" ишканасынын бир нече адистери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Унаа" агенттигинин айрым кызматкерлери кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери болжолдуу 7 адисти кармаганын Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Айтымдарына караганда, бүгүн, 23-сентябрда саат 14:00 чамасында УКМКнын кызматкерлери мамлекеттик агенттикте болушуп, адистерди кармашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, агенттиктин директору Рустам Жокаев кармалган, бирок бул маалымат расмий тастыктала элек.

Ошондой эле кармалгандардын арасында эки бөлүм башчы да бар экенин айтышты өздүк булактар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17448