Европадагы "Борис" бороонунда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
RU

Европадагы "Борис" бороонунда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук жана Чыгыш Европаны каптаган "Борис" бороону кыйроолорго жана адам курмандыктарына алып келди. Табият кырсыгынан каза болуп, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок дешет Тышкы иштер министрлигинен.

"Борис" бороону Борбордук Европага ушул айдын орточо көрсөткүчүнөн беш эсе көп жаан алып келип, 11-сентябрдан 16-сентябрга чейин катуу суу ташкындарына себеп болуп, айрыкча Польша, Чехия, Словакия, Австрия, Венгрия, Словения жана Румынияны каптаган. Бул өлкөлөрдө кеңири аймактарды суу каптап, жүз миңдеген адамдар эвакуацияланган.

Суу ташкыны кеминде 26 адамдын өмүрүн алды: Польшада 10, Румынияда 7, Австрияда 5 жана Чехияда 4 адам.

Табигый кырсык турак жайларга, соода объектилерине, транспорт каражаттарына, инфраструктурага жана агробизнеске олуттуу зыян келтирген.

Европанын катаал аба ырайы маалыматтар базасынын (ESWD) билдирүүсүнө караганда, 11-сентябрдан бери 1120дан ашык катуу жаан-чачын катталды. Австриянын жана Чехиянын айрым жерлеринде жаан 300 миллиметрге жетти же андан ашты, ал эми Польшанын түштүк-батышында айрым метеостанциялар 24 сааттын ичинде 150 миллиметрден ашык жаан жаагандыгы катталды.

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери, ошондой эле мессенджерлер аркылуу кыргыз жарандары үчүн сактык чаралары жөнүндө маалыматтарды жөнөтүп, ыкчам телефондор иштеп жарандар менен байланышты кармап турууда дешет ведомстводон.

Кыргызстандын элчиликтеринин байланыш номерлери: Австриядагы элчилик: +43 667 7687295, Венгриядагы элчилик: +36302377207, Германиядагы элчилик: +4917660929123, Украинадагы элчилик: +380 99 114 83 07.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17447