Ушул аптада аба ырайы өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаайт
RU

Ушул аптада аба ырайы өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөрүн эскертет.

27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°
  • республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3°…+2°, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5° чейин төмөндөйт

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17442