Жалал-Абадда чиновник аз камсыз болгон жарандардан акча талап кылганга шектелди
RU

Жалал-Абадда чиновник аз камсыз болгон жарандардан акча талап кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери кармалды. УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, башкармалыктын адиси аз камсыз болгондордон пара талап кылган.

Мамкомитеттен Базар-Коргон районунун жашоочуларынан бир нече жолу арыз жана даттануулар келип түшкөндүктөн кылмыш иши козголгон. 19-сентябрда аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Адис социалдык жөлөк пулдарды, тактап айтканда, "Үй бүлөгө көмөк" төлөмдөрүн төлөө маселелерин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын аз камсыз болгон жарандарынан пара талап кылган. Ошол эле учурда М.О.З`нын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилигинин аталган фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилет. Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17439