Нарында таңга маал жер титиреди
RU

Нарында таңга маал жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-сентябрда саат 05:34тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт, Жумгал айылдарында 3 баллга (Кызарт айылынан 3 чакырым чыгышта, Жумгал айылынан 3 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17437