Садыр Жапаров Нью-Йоркто бир катар жолугушууларды өткөрдү
RU

Садыр Жапаров Нью-Йоркто бир катар жолугушууларды өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-сентябрда Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жолугушуунун алдында Садыр Жапаров БУУнун ардактуу коноктор китебине Уюмга жакшы каалоо-тилектери менен жазуу калтырды.

"Гуттерриш Садыр Жапаровду өзүнүн жакын досу деп эсептей турганын айтып, БУУнун эшиги ал үчүн дайыма ачык экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Башкы катчы ошондой эле Кыргызстан тоо демилгелерин ишке ашыруу боюнча Борбор Азияда өзгөчө орунду ээлеп, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттык долбоорлор чөйрөсүндө лидерлик позицияны ээлөө үчүн олуттуу потенциалы бар экенин айтып өттү.

Садыр Жапаров туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн Кыргызстан негизги артыкчылыкты - адамды өнүктүрүүгө негизделген саясатты карманарын айтты.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту.

Шарль Мишель Кыргызстан менен өзгөчө туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүүсүнүн күн тартибинин алкагында тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Тараптар регионалдык жана глобалдык чакырыктарды чечүү үчүн мындан аркы диалогдун маанилүүлүгүн ырасташты.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.

Экономикалык, инвестициялык жана билим берүү чөйрөлөрүндө кыргыз-герман кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды.

Федералдык канцлер Олаф Шольц өз кезегинде Германия Кыргызстан менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, өлкөнүн Борбор Азиядагы негизги өнөктөш катары маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар климаттык күн тартибинин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулап, регионалдык маселелерди чечүү боюнча демилгелерди колдошту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17436