Украинада аскер кызматкерлерине, аткаминерлерге Telegram колдонууга тыюу салынды
RU

Украинада аскер кызматкерлерине, аткаминерлерге Telegram колдонууга тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын мамлекеттик кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине жана маанилүү инфраструктура кызматкерлерине Telegram мессенжери колдонууга тыюу салынды. Бул туурасында Euronews басылмасы Украинанын кибер коопсуздук боюнча улуттук координациялык борборуна таянып жазды.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана Коргонуу кеңеши бул кадамды зарыл деп эсептейт.

"Коопсуздук кызматы менен Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы бейшембидеги жолугушууда Telegram Россия тарабынан киберчабуулдар, фишинг, кесепеттүү программаларды жайылтуу, колдонуучулардын жайгашкан жерин аныктоо жана ракеталык соккулар үчүн колдонулуп жатканын айтышты", - белгиленет маалыматта.

Мындай чектөө кызматтык милдеттерин аткарган адамдар үчүн колдонулат. Ал эми жайкын украиндер тиркемени эркин колдоно алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17429