Дайынсыз болуп жаткан Сабира Бейшеналиеванын сөөгү камыштын арасынан табылды
RU

Дайынсыз болуп жаткан Сабира Бейшеналиеванын сөөгү камыштын арасынан табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дайынсыз жоголгон 73 жаштагы Сабира Бейшеналиеванын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аялдын жакындары маалымдашты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 21-сентябрда Сабира Бейшеналиеванын сөөгүн кинологдор Пригородное айылынан анча алыс эмес жердеги камыштын арасынан табышкан.

Белгилесек, Бейшеналиева 14-сентябрда саат 16:00дө Пригородное айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Анын эс-тутумунда көйгөй бар экенин жакындары кабарлап, коомчулуктан жардам сурашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17427