Бишкекте окуучулар арасында массалык мушташ чыкты
RU

Бишкекте окуучулар арасында массалык мушташ чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептердин биринде окуучулар массалык мушташкан. Окуя 17-сентябрда болгонун Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга борбор калаадагы №46 орто мектептин окуучулары арасында массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Орто класстын окуучуларынын ортосунда оозеки чыр-чатактан улам жаңжал чыкканы аныкталган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Окуя боюнча эч ким жазуу түрүндө арыз жазган эмес.

Маалым болгондой, окуянын бардык катышуучулары мыйзамдуу өкүлдөрү менен бирге райондук мекемеге жеткирилген. Алар менен инспекторлор профилактикалык сүйлөшүү жүргүщүп, бир катар окуучулар каттоого алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17421