"Тигүү тармагы алсырады". Чет элдиктер Кыргызстандын тигүү тармагына кандай таасир этүүдө?
RU

"Тигүү тармагы алсырады". Чет элдиктер Кыргызстандын тигүү тармагына кандай таасир этүүдө?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте май айында чет элдиктерге байланыштуу окуядан кийин көптөгөн тигүү цехтери жабылган. Бүгүнкү күндө жумушчулардын жоктугунан дагы деле цехтер жабылып жатат. Бул тууралуу "Үлгүлүү жана ийгиликтүү ишкерлер" тобунун негиздөөчүсү Нурзат Алимырзаева Kaktus.kg редакциясына билдирди.

"Үлгүлүү жана ийгиликтүү ишкерлер" тобунун негиздөөчүсү Нурзат Алимырзаева май айында жабылган 64 цехтин көбү ачылганы менен бүгүнкү күндө башка цехтер жумушчулардын жетишсиздигинен жабылып жатканын айтты. Ал мурун жергиликтүү тигүүчүлөр үйрөнүп алып башка цехтерге кетип, токтобой жатса эми, чет элдик тигүүчүлөр менен да маселе жаралып жактанын белгиледи.

"Буйрутма берүүчүлөр деле кайра келип, буйрутмалар көбөйүп калган. Өзбекстанга кеткен буйрутма берүүчүлөр деле май айындагы окуядан кийин Кыргызстандагы тигүү тармагынын калыбына келишин күттү. Баары бир биздин өлкө өндүрүшкө ыңгайлашкан жер экен деп күтүшөт. Бирок бизде иштеп жүргөн жумушчулар башка чет элдик жумушчуларды сатып жатканы - башкы көйгөй болуп жатат", - дейт ал.

"Өндүрүшчүлөрдүн укуку корголбой жатат"

Нурзат Алимырзаеванын айтымында, учурда тигүү тармагында мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдиктер дагы деле көп. Алардын документтерин мыйзамдаштыруу азыр өзүнчө маселе болуп жатса, арасындагы документи бар чет элдиктер аз айлык же убагында ала албай калган учурда "бизди кулчулукта кармап жатышат" деген жалаа менен цех ээлерине же ишкерлерге карата арызданып жатканы өзүнчө көйгөй жаратууда дейт ишкер.

"Чет элдиктер айлыкты азыраак алып же үстүнө кошуп бер деген учурда кошпой койсо эле "бизди кулчулукта кармап жатат" деп арызданып чыгышат. Анан аларды цехке алып келгендер башка цехке алып кетип жатышат", - деп кошумчалады ал.

Алимырзаева негиздеген ишкерлер тобунда чет элдиктерди мыйзамдуу алып келген ишкерлер да бар экенин белгилейт. Бирок алардын жумушчуларын башка бир цехтин ээлери "айлык көбүрөөк беребиз" деп тартып кетип, күч түзүмдөрүнө кайрылган цех ээлери аларды кайрадан мекенине кетире албай убара тартууда.

"Алар "сен бул жерден канча айлык аласың?" дешет. Алар 350 же 400 доллардан аларын айтышса, "мен сага 500 доллардан" берем деп азгырып кетип жатышат. Бул жерде чет элдиктерди канчалаган каражат, убара менен алып келген адам күйүп жатпайбы.

Өткөндө эле бизде бир кыз 10 миң долларга чет элдиктерди мыйзамдуу алып келип, иштетип жаткан. Анын жумушчуларын башкалар тартып кетишти. Алар бир ай да иштеген жок. Азыр ал кыздын убактысы аларды издеп, ар кайсыл жакка арыз жазмай менен өтүп жатат. Менин байкоомдо ал эки айдан бери эле иш кылбай ошол маселе менен күч түзүмдөрүнө кайрылып жүрөт", - дейт ишкер.

Ишкер жоголгон чет элдик жумушчуларды милиция өкүлдөрү тапканын айтты. Бирок Нурзат Алимырзаева жумушчуларды мыйзамдуу алып келген цехтин ээсинен мыйзамсыз азгырып алып кеткен ишткерлерди күч түзүмдөрү таап бербей жатат дейт.

"Укук коргоо органдары кайсыл жерден келдиң деп аларды жетелеп барса таап берет да, туурабы. Биз өзүбүздүн мыйзамды сыйлашыбыз керек. Биз мыйзамыбызды сыйлабасак чет жерден келген башка адамдар сыйламак беле?!", - дейт ал.

Ишкер айым майдагы окуядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен чет элдик жумушчулар кайра келбегенин айтат. Бирок бул жакта азыр да мыйзамсыз жүргөндөр абдан көп.

"Кичине тополоңду көргөндөр кайра келген жок. Биз сураштырдык. А бирок бул жакта калгандары деле толтура да. Баары кеткен жок. Ошолор мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. Легалсыз иштеткен цехтин ээлерин айыпка жыгыш керек деп жатышпайбы. Менин оюмча, айыпка жыкпай эле аларга мөөнөт бериш керек. Бир ай аларды иштетип, билетке акча таптырып анан цехтин ээси аларды кетириш керек. Ошондо биз мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин санын азайтабыз", - дейт.

"Легпром" ассоциациясы эмне дейт

"Легпром" ассоциациясынын мүчөсү, ишкер Зарылык Иманкулов менен сүйлөшкөнүбүздө ал май айындагы окуя жөндөн-жөн болбогонун айтып берди. Себеби, чет элдик жумушчуларды өлкөгө иретсиз алып келүү күчөгөн.

"Фиктивный" ЖЧКларды ачып, тигүү тармагына тиешеси жок кишилер көп-көптөн чет элдиктерди алып келип, биздин ишканаларга саткандар болду.

Азыр мындай компаниялар жоголуп баратат. Былтыр мындай көрүнүш абдан көп болгон. Алар өздөрүнүн ЖЧКсы менен чет элдиктерди алып келип, биздин ишканаларга сатышкан. Бирок алар тигүү тармагына тиешеси жок компаниялар. А мыйзам ага жол бербейт. Квота ишканага берилет. Ошол гана ишканада иштеши керек. Ошол жумушчуларга Кыргызстандын жарандарындай эле салык төлөнүшү керек. Мындай көрүнүш башынан эле бар болчу. Бирок мыйзамсыз келгендерге кайдагы салык?", - дейт ал.

Зарылык Иманкуловдун айтымында, жумушчуларды алып келген компания гана чет элдиктерге салык төлөйт. А бирок жеке компаниялар эки айлык мөөнөткө виза жасап алып келгени менен, чет элдиктердин визасын бир жылга узартпай койгондор да көп болгон. Арасында документи жок, мыйзамсыз жүргөн чет элдик жумушчулар бир ишканадан экичиге кеткен учурлар көбөйгөн.

"Өздөрү алып келип бирок салык төлөбөй койгон ишканалар да болду. Ишкана салык төлөбөсө жумушчулар мыйзамсыз иштеп жүргөн болуп калат. Негизи чет элдик жарандар эки айлык жумушчу виза менен келишет. Андан кийин аны бир жылга узартат. Эки айдан кийин жумушчулардын визаларын узартпай койгон ишканалар да көбөйүп кеткен", - дейт ишкер.

Ал мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдиктердин көбөйүп кеткенине жумуш берүүчүлөр да күнөөлүү экенин моюндайт. Себеби, ЖЧКлар чет элдиктерди алып келген учурда системаны толук түшүндүргөн эмес.

Кандай учурда депортация кылынат

Эгер, ишкана ээси чет элдик жумушчуларды мыйзамдуу алып келип, ага салык төлөсө, миграциялык карта, жумушчу виза ошол ишканада катталган болсо жумушчулар башка цехке кетип калган учурда мыйзамдуу түрдө миграция кызматына барса болот. Зарылык Иманкуловдун айтымында, жумушчунун юридикалык картасын алдыртып, визасын жокко чыгарып туруп, милициядан жардам сурашы керек. Алар чет элдик жумушчуларды таап бергенден кийин аэропортко коштоп алып барып, чыгарганга укугу бар.

"Ал "бул жумушчу мага кереги жок болуп калды, эртең бир кырсык болсо мен жоопкерчилик тартып калам деп бир аз акчасын коротсо да алып барып, мекенине салып жибериш керек. Мына ошондой кылса жумушчу башка эч жакка кетпейт. Биринен экинчисине секирип кетпейт. Анан бири-бирибиздикин тартып алмай адатты аларга да колдонуп көрүшүптүр. Ал туура эмес. Анда мыйзам алдында жоопкерчилик тартуу каралган. Жумушчуну мыйзамсыз алган ишкана айыпка жыгылат. Себеби, чет элдик жумушчу ал жакта мыйзамсыз иштейт", - деп кошумчалады ал.

Жумушчуларды уурдаган учурда ишканага 70 миң сомдон өйдө айып пул салынат. Ал эми жумушчулар өз каалоосу менен келишимге баш ийбей башка цехке кеткен учурда 5500 сом айып каралган.

Кыргызстанда тигүү тармагы аксап жатат

"Легпро" ассоциациясынын мүчөсү Зарылык Иманкулов учурда Кыргызстандын тигүү тармагынын абалы начар экенин айтат. Ал тикмечилер аз экенин белгилеп, жаштар бул тармакка келбей жатканын кошумчалады.

"Союздан калган тигүүчүлөрдүн баары 60-70 жашка чыгып калды. А жаштар бул тармакта иштегилери келбейт. Алар оңоюраак тармакка кетип жатышат. Бул бүт дүйнө жүзүндө байкалып жаткан тенденция. Жаштар азыраак сөз менен көбүрөөк акча тапкылары келишет. Ой жүгүртүүлөрү башкача болуп калды. Ошол себептүү бул тармакта жумушчу жок", - дейт ал.

Майдагы окуядан кийин Индия, Пакистан, Бангладеш үчүн берилген квота жабылып калган. Азыр тиешелүү кызматтар мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдү мекенине кайтаруу боюнча иш алып барууда. Мындан улам Зарылык Иманкулов мыйзамсыз башка бирөөнүн жумушчусун тартып алууну, документтерин алып коюп кыйын шартта иштеткендер жаза чегерип, бул арада жеңил өнөр жай тармагын көтөрүү үчүн салыкты мурунку калыбына алып келип, буга чейин берилген жеңилдиктерди 2027-жылга чейин өзгөртүүсүз калтырууну өкмөттөн суранат.

"Кыргызстанда ансыз деле ишкерлер калп айттырбайт. Акыркы эки жылда бизде тигүү секторунун абалы бир аз төмөндөп баратат. Себеби, жаныбыздагы Өзбекстан абдан чоң кадамдар менен алдыда баратат. Мурун алар бизге атаандаш эмес деп жүргөнбүз. Эми болсо коңшу өлкө жалпы текстиль тармагынан колго алып кетти. Ошондуктан биздин тармакка жеңилдик берип, салыкты эски калыбында калтырууну суранат элек", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкекте чет элдик жарандардын катышуусундагы массалык мушташ болгон. 18-майга караган түнү болгон ызы-чуудан 29 адам медициналык жардам сурап кайрылып, анын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17418