Улан Ниязбеков: Милициянын беделине доо кетирген кызматкерлерге катарыбызда орун жок
RU

Улан Ниязбеков: Милициянын беделине доо кетирген кызматкерлерге катарыбызда орун жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министри Улан Ниязбеков мыйзамсыз аракеттерге барган милиция кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Ал бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

Министр милиция кызматкерлерин кармоо операциясы боюнча биринчи ИИМдин жетекчилиги кабардар болуп, Ички иликтөө кызматынын катышуусунда гана өтөрүн белгиледи.

"Эч кимди жаап-жашыруу болбойт. Мыйзам бардыгына бирдей иштеши керек. Ички иштер органдарынын кызматкерлери элдин кызматында жүргөндүктөн, бир дагы мыйзам бузууга жол бербөөгө милдеттүү. Мыйзам менен тартиптин үстөмдүгү болмоюнча, ишмердикти толук кандуу аткарууга мүмкүн эмес. Бул ИИМдин жетекчилигинин катуу талабы", - дейт Ниязбеков.

ИИМ башчысы айрым кызматкерлер өздөрүнүн аракеттери менен жасалып жаткан бардык күч-аракеттерди жокко чыгарып, күнү-түнү элдин кызматында жүргөн милиция кызматкерлеринин беделин түшүрүп жатканын кошумчалады.

"Жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулууда. Биздин ишмердүүлүгүбүзгө эң жогорку баа жарандардын ички иштер органдарына болгон ишеними. Тартипти жана мыйзамды бузуп, ички иштер органдарынын кадыр-баркына шек жараткан, милициянын беделине доо кетирген кызматкерлерге катарыбызда орун жок", - дейт министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17417