Милиция 6-класстын окуучусу классташынан таяк жеди деген окуяны териштирүүдө
RU

Милиция 6-класстын окуучусу классташынан таяк жеди деген окуяны териштирүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка Токмок шаарындагы мектептердин биринде классташы ур-токмокко алган окуучу кыздын ата-энесинин кайрылуусу тараган. Кайрылуунун негизинде милиция кызматкерлери иликтөө иштерин баштады дешет Чүй ОИИББден.

Маалыматка караганда, 17-сентябрда саат 18:42 чамасында Токмок шаардык ооруканасына Токмок шаарындагы №2 мектептин 6-классынын окуучусу Н.М. (2012-жылы туулган) "баш мээнин жабык жаракаты" диагнозу менен кайрылган. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлгөн. Окуучу ошол күнү математика сабагында классташы Г.М. уруп салганын айткан.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы жана экспертизанын корутундусу менен Жазык-процесстик кодексине ылайык, процесстик чечим кабыл алынат.

Башкармалыктан белгилешкендей, милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды такай жүргүзүп келет.

Ушул тапта милиция кызматкерлери да мектеп окуучуларына жана алардын ата-энелерине профилактикалык, түшүндүрүү иштерин улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/17413