Эл артисти, эмгек сиңирген артист наамдарын алган белгилүүлөр
1483
Бүгүн, 31-августта жаңы Ак үйдүн - "Ынтымак Ордонун" имаратында элге эмгеги сиңген атуулдарга мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар тапшырылды.
Мамлекеттик сыйлыктарды Садыр Жапаров тапшырды.
Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен:
- ырчы, пианист Гүлзинат Суранчиева;
- ырчы Ырыскелди Осмонкулов;
- ырчы, обончу Майрамбек Осмонов сыйланды.
Ал эми музыкант, кыл кыякчы Залина Касымовага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды.
"Эмгек баатыры" артыкчылык даражасы:
- Кыргыз журтчулугунун жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү акын, дасыккан котормочу, маркум Түмөнбай Байзаковго;
- Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевге ыйгарылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/17140