Талас шаарында машине өрттөнүп, анын айдоочусу каза болду
6595
                                    
                                    
                                                                     Талас шаарында Chevrolet Lanos үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМ кызматы кабарларды.
Берилген маалыматка ылайык, кечээ 20-декабрда Талас шаарынын Байгабылова көчөсүндө жеңил машиненин мотор жагы жана багажниги өрттөнгөн. Андан чыккан изге ууланып, 1976-жылы туулган унаанын ээси Б.М. каза болду.
Анын денесин автомобилден чыгарышып, укук коргоочу органдарга өткөрүп беришти. Эмнеден улам өрт чыкканы иликтенүүдө.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://sanaripkg.kaktus.media/163