Чүй менен Нарында "Манас" айтуу боюнча сынактар токтотулду
RU

Чүй менен Нарында "Манас" айтуу боюнча сынактар токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 2-майда Сузактагы 30дан ашуун окуучу жабыркаган окуядан кийин Чүй жана Нарын облустарында пландалган окуучулар арасындагы "Манас" айтуу боюнча сынак токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков Фейсбук баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты.

Ал бул долбоордун уюштуруучусу катары кырсыкта жабыркаган балдарга жана алардын ата-энелерине кайрылып, керектүү камсыздоону жүргүзбөгөндөр жоопкерчиликке тартылаарын билдирди.

Эске салсак, 19-апрелде республиканын жер-жерлеринде мектеп окуучулары арасында "Манас" айттуу боюнча сынак башталган.

Иш-чара Баткен, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында жыйынтыкталган.

Ал эми Сузакта 2-майда окуучулар топтолуп турганда "Хундай-Портер" унаасы токтотуп койгон жеринен жылып кетип, 30дан ашуун бала жабыркаган.

Сегизи жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Үчөөнүн абалы оор экени маалым болду.

Сузак аймактык ооруканасына үч бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна 8 бала жаткырылды. Алардын абалы орто экени кабарланды. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр.

"Хундай-Портердин" айдоочусу, 48 жаштагы Сузак районунун тургуну Ж.Б. кармалды. Бул факты боюнча Сузак райондук милициясы Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Ал өз кезегинде балдарга демөөрчүлүк кылып, балмуздак алып келгенин айтып, телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда унаа жылып кеткенин түшүндүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/16068