Абакта жаткан соттолуучулардан ондогон бычак, телефондор табылды
2353
Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан абактарда тинтүү жүргүзүлүүдө. Мекемеден билдиришкендей, 24-январда колониялардын биринде жалпы текшерүү болуп, ондогон телефондор жана саюучу, кесүүчү куралдар алынган.
- ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефон - 95 даана;
- сайюучу-кесүүчү курал - 163 даана;
- акча каражаттары - 2240 сом;
- түзөтүү мекемесинин ички эрежелери менен тыюу салынган түрдүү буюмдар (кубаттагычтар, аккумуляторлор, кулакчындар, оюн карталары ж.б.) - 340 даана.
Ички тартип эрежелерине баш ийбеген абактагы жарандар айып изоляторуна киргизилди. Соттолгон жарандарга мыйзамдын талаптарын так аткарууда, тыюу салынган нерселерди жабык жайларда колдонбоо жана алып жүрбөө боюнча кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат дешет ЖАКтан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/15400