"Демократия маалында уктап калбоо керек". Акыйкатчы Европарламенттин депутаттарына жолукту
RU

"Демократия маалында уктап калбоо керек". Акыйкатчы Европарламенттин депутаттарына жолукту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен Европарламенттин депутаттары жолугушту. Анда адам укуктары жаатында бир катар маселелер боюнча пикир алмашуу болгонун Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту демократияны чыңдоого, адам укуктары менен эркиндиктери жаатына негиз болгон ченемдер менен стандарттарды камсыздоого умтулуп жатканын белгилеп өттү.

"Алдыга койгон милдеттерди аткарыш үчүн сөзсүз түрдө биздин институтту күчтөндүрүү жана чыңдоо зарыл. Бул багыттагы алгачкы кадамдар ишке ашып жатат, "КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мындай мыйзам кабыл алынып кала турган болсо институттун көз карандысыздыгы күчөтүлөт жана анын мандаты кеңейтилет. Азыркы учурда мыйзам долбоору КРнын парламентинин кароосунда турат.

Мыйзам долбоору Венеция комиссиясы, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу, АТФ, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы сыяктуу эл аралык кадыр-барктуу институттардын экспертиза процедурасынан өттү. Биз жарандык коомдун катышуусу менен бир катар коомдук угууларды өткөрдүк.

Европа Биримдиги менен келечекте жакшы жыйынтыктарды алып келе турган жана биздин жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга көмөк бере турган баардык тармактарда өз ара активдүү кызматташуу жана тажырыйба алмашууга даярбыз. Биз Европа Биримдигинин муктаждарга гуманитардык көмөк көрсөтүү боюнча аракеттерин жогору баалайбыз", - деп айтты акыйкатчы.

Европарламенттин депутаты Томаш Здеховский адам укуктары жана эркиндиктери жаатында диалогду улантууну маанилүү экендигине ишенерин билдирди.

"Кыргызстан Борбордук Азияда демократиялык принциптерди илгерилетүү боюнча алдыңкы позицияны ээлейт. Буга байланыштуу биз сиздер менен көбүрөөк кызматташууга даярбыз, анткени жакшы жыйынтыктарды көргүбүз келет. Акыйкатчы болуу кыйын жана ар бир эле адам мындай жоопкерчиликти алып кете албашы мүмкүн. Биз сиздердин институт адам укуктарын коргоо жаатында маанилүү кадамдарды кабыл алып жатканын көрүп жатабыз. Көп учурларда соккуларды өзүңүзгө кабыл алып жатасыз. Биз мындан ары да бул багытта күчтөнүп иштейсиз го деген ниеттебиз.

"Демократия маалында уктап калсак, автократияда ойгонушубуз мүмкүн" деп коюшат эмеспи. Сиздердин элчинин аракети менен биз Кыргызстан жөнүндө жакшы билебиз. Сиздер менен байланышта болууга жана диалогду улантууга даярбыз", - дейт Томаш Здеховский.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар эл аралык укук жана жалпы таанылган принциптерга ылайык адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы бардык актуалдуу маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/15197