Салык кызматкерине пара берип жатканда чет элдик жаран кармалды. Видео
2202
Чет элдик жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.
Маалыматка караганда, 23-майда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъекттин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран К.А. кармалды.
Кармалган адам кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган.Чет элдик жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/12496