Мектепке электрондук каттоо башталды. Каттоонун шарттары, нускамалары
11403
Бүгүн, 10-апрелде мектепке электрондук каттоо старт алды. 6-7 жаштагы балдарды мамлекеттик, муниципалдык жалпы билим берүү мекемелерине кабыл алуу mektep.edu.gov.kg шилтемеси боюнча бирдиктүү маалыматтык система аркылуу ишке ашырылат.
Мектепке электрондук кабыл алуу этап менен жүргүзүлөт:
- биринчи этап - мыйзамдуу жашаган (катталган) жери боюнча - 10-апрель саат 09:00дөн 25-июнга чейин;
- экинчи этап - катталган жерине карабастан - 26-июндан 31-августка чейин саат 09:00гө чейин.
Билим берүү министрлиги балдардын ата-энелерине же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө алдын ала mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, төмөнкүлөрдү аткарууну сунуштайт:
- "Туугандыгын текшерүү" бөлүмүнө кирип, ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты текшерүү үчүн атасынын же энесинин жеке идентификациялык номерин көрсөтүп, "текшерүү" баскычын басуу;
- Персоналдык идентификациялык номер чыкпай калган учурда Калкты тейлөө борборуна кайрылуу зарыл;
- баланын кайсы мектепке карай турганын билүү үчүн "Мектепти издөө" бөлүмүнө кирип, атасынын же энесинин жеке идентификациялык номерин жазып "текшерүүнү" басуу;
- эгерде ата-энелердин же мыйзамдуу өкүлдүн электрондук почтасы жок болсо, аны түзүү керек.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/11315