Таласта облустук прокуратуранын жаңы имараты ишке берилди
RU

Таласта облустук прокуратуранын жаңы имараты ишке берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облустук прокуратурасынын жаңы административдик имараты курулду. 31-мартта салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземге башкы прокурор Курманкул Зулушев, Талас облустук прокуратура органдарынын кызматкерлери, ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана ошол аймактын жашоочулары катышты.

Иш-чарада Зулушев прокуратура органдарына мамлекеттин укуктук түзүлүшүн чыңдоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууну талап кылды жана келечекте эмгек шарттарын жакшыртууга, эмгекчилерди социалдык жактан коргоого көңүл буруларын айтты.

Талас облусунун прокуратурасынын эки кабаттуу кеңсеси Талас шаарындагы Ч.Айтматов көчөсүнүн боюнда жайгашкан. Имаратта кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүп, алар бардык зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/11285