Активист Болот Ибрагимов президенттин кеңешчиси болду
3308
Активист Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына президенттик аппараттан тастыкташты.
Активист коомдук башталышта иштей турганы маалымдалды. Тиешелүү жарлыкка президент Жапаров кол койду.
Болот Ибрагимов мүчө болгон "Эл үмүтү" саясий партиясынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, жаңы жардамчы коррупция боюнча кеңеш берет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/11264