Бишкекке дагы 1000 автобус келет
2207
Бишкекке дагы 1000 автобус келиши керек, мэрия келишимге кол койгон. Бул тууралуу борбор калаанын башчысы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Ким менен келишимге кол коюлганын мэр ачыктаган жок.
Мэрдин айтымында, 500 автобустун биринчи партиясы ушул жайда келиши керек.
"Дагы 360сы Азия өнүктүрүү банкы жана Европа өнүктүрүү банкынан алынган насыялар боюнча келет. Жалпысынан 800дөн ашык автобус болот", - деди ал.
Абдыкадыров транспорт департаментине айдоочуларды ишке тартуу жана автобустар үчүн базаны даярдоо тапшырмасын бергенин белгиледи.
"Эски автобустар азыр чоң аймакты ээлейт. Биз аларды эсептен чыгарып, жаңы автобустардын келишине бардык шарттарды даярдашыбыз керек", - деп сөзүн жыйынтыктады мэр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/10967