Бишкекте жылуулук берүү качан токтотулары белгилүү болду
1776
Бишкекте 11-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулат. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан кабарлашты.
ӨКМнын гидрометерологиялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү абанын суткалык температурасы жогорулайт, кескин суук болбойт.
Белгилесек, абанын температурасы 5 күн катары менен 8 градустан жогору болгондо жылуулук өчүрүлөт.
Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 2022-2023-жылдагы жылуулук мезгилин жыйынтыктоо боюняа №53 тескемеге кол койду.
Сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/10806