Эске салабыз, апрель айында кыргызстандыктарда кошумча бир дем алыш күн болот
2640
Апрель айында кыргызстандыктарда кошумча бир дем алыш күн болот - бул 7-апрель. Социалдык өнүктүрүү министрлиги берген маалыматка ылайык, бул күн апрель революциясынын урматына мамлекеттик майрам, деп жарыяланган.
7-апрель шаршемби күнгө туш келет, жана башка күнгө жылдырылбайт.
Андан тышкары апрель айында мусулмандар үчүн ыйык Орозо айы башталат.
Алдын ала берилген маалыматка ылайык, Орозо айы 13- же 14-апрелде башталат. Бул күн иш күн болуп эсептелинет. Ал эми орозо бүткөн күн дем алыш күн болуп эсептелинет, ал май айына туш келет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/1078