Бишкекте №35 муниципалдык автобус каттамы кайрадан иштей баштады
1695
Бишкекте №35 автобустук каттам ишин жандантты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, узундугу 18,2 чакырымды түзгөн каттам Батыш жана Чыгыш автобекеттерин бириктирет. Буга ылайык, №113 каттамдагы 42 кичи автобустун ордун 14 автобус алмаштырды.
- №113 кичиавтобус эски жол кыймылынын схемасы боюнча ишин токтотуп, "Учкун-2" турак-жай аймагы - Интергельпо көчөсү - Жибек Жолу проспектиси - Чыгыш автобекети - Батыш автобекети деген жаңы каттам боюнча жүрөт.
- №48 муниципалдык автобустук каттам менен кайталоону жоюу максатында №214 маршруттук кичи автобустар эски жол кыймылынын тартиби боюнча ишин токтотту. Ал төмөнкүдөй схема менен жүрөт: Чыгыш автобекети - Бөкөнбаев көчөсү - Жаш Гвардия бульвары - Баялинов көчөсү - Абдрахманов көчөсү - Күрөңкеев көчөсү - Осмонкул көчөсү - Михаил Фрунзе көчөсү - Ибраимов көчөсү.
Эске салсак, 2022-жылы автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Муниципалитет аларды Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd компаниясынан сатып алган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/10556