Өлкөдө дагы 3 жетекчиге генерал-майор наамы ыйгарылды. Алар
2276
Садыр Жапаров кезектеги жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Президенттик администрациядан кабарлашкандай, 3 адамга генерал-майор наамы ыйгарылды.
Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык:
- Боронов Мурат Самидиновичке - милициянын генерал-майору наамы;
- Абитов Тариель Таштановичке - милициянын генерал-майору наамы;
- Исабеков Самат Сатаровичке - бажы кызматынын генерал-майору наамы ыйгарылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/10427