Баткенде мэр жана аким кызматтык унаа менен кырсыкка кабылган
RU

Баткенде мэр жана аким кызматтык унаа менен кырсыкка кабылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен шаарынын мэри жана Баткен районунун акими кызматтык унаа менен жол кырсыгына кабылган. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Айтымдарында, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов январь айынын аягында кырсыкка кабылган. Анда айдоочу унааны башкара албай, жолдун жээгиндеги аңга түшкөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Ал эми Toyota Land Cruiser 200 унаасы зыянга учураган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanaripkg.kaktus.media/10245