Бишкектин бардык районуна адамдарды жүздөрүнөн тааный турган камералар орнотулат
1972
Бишкек шаарынын 4 районуна адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотулат. Бул туурасында ИИМден билдиришти.
Маалымдалгандай, ИИМдин демилгеси менен Биринчи Май райондук администрациясы коомдук жайларга атайын видеокамераларды орното баштады. ИИМдин мындай демилгесинин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунда ушул багытта иштер колго алынат.Мындай камераларды колдонуунун башкы максаттарынын бири - шаардын тургундарынын, меймандарынын коопсуздугун сактоо жана коомдук жайларда тартиптин сакталышын толук көзөмөлгө алуу.
Азыркы учурда республика боюнча коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Анын ичинен 519 видеокамера адамдардын жүздөрүн аныктоо функциясына ээ. Былтыркы жылы видеокамералар аркылуу 3431 кылмыш жана окуялар аныкталган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/10147