Муфтият ажылардын формасын тигүү боюнча сынак жарыялады
2147
Муфтият "Ажылык–2023" сапарында зыяратчылар кийүүчү жайкы кемселин (жилет) тигүү сынагын жарыялады. Бул туурасында Муфтияттан кабарлашты.
Талаптар:
- Убактылуу республикалык штабдын төрагасынын атына сынакка катышуу боюнча арыз;
- Сынакка катышуучу жактын иш кагаздарынан (документтеринин) көчүрмөлөр;
- Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;
- Салык жана соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ;
- Сынакка катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары;
- Реквизиттер;
- Ажылык сапарда ажылыр кийүүчү жайкы кемселдин эркектер жана аялдар үчүн үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө);
- Арыздар 25-январдан 17-февралга чейин кабыл алынат;
- Сынак 21-февралда муфтияттын имаратында саат 10:00дө өткөрүлөт;
- Суроолор үчүн байланыш номерлери: 0705811523; тел/факс: 0312 48 61 67;
Эскертүү: Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип тапшырылган заявкалар комиссия тарабынан каралбайт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanaripkg.kaktus.media/10041